Кыргызстан, 720017, г. Бишкек, ул. Исанова, 42

Министерство траспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

Группа реализации проектов Азиатского банка развития

adb-logo

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Ысык-Көл айланма жолун жакшыртуу долбоору менен таанышты (Барскоон – Каракол тилкеси)

    

2025-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынынын алкагында эл өкүлдөрү Ысык-Көл айланма жолун жакшыртуу боюнча долбоордун подрядчысынын базасына (Барскоон-Каракол тилкеси) барып, жол курулуш иштерине даярдык менен таанышып, негизги маселелерди талкуулашты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев ушул жылдын июнь айында Барскоон – Каракол жолун масштабдуу реконструкциялоо иштери баштала турганын билдирди. Долбоордун алкагында жолду экиден төрт тилкеге чейин кеңейтүү, көпүрөлөрдү жаңылоо, жарыктандыруу, тротуарларды жана арык лотокторун орнотуу сыңдуу жумуштар каралган. Ошондой эле, Алмаз Тургунбаев бул долбоор жол коопсуздугун жогорулатып, жашоочулар, туристтер жана ишкерлер үчүн логистиканы жана ыңгайлуулукту жакшыртаарын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрүнүн кызыктырган суроолоруна министрликтин жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунунун өкүлдөрү тарабынан жооптор берилди.